Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

13-январдан тарта Бишкектин дагы эки көчөсү бир тараптуу болот

Кайсы көчөлөр жөнүндө сөз болууда?

13-январдан тартып Бишкек шаарынын Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү бир тараптуу болот.
Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынынын маалыматына ылайык, учурда тиешелүү жол белгилери орнотулууда.

Маалыматка ылайык, Раззаков көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү түндүктөн түштүккө карай бир тараптуу болсо, ал эми Орозбеков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки тилкеси түштүктөн түндүккө карай бир тараптуу болмокчу.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги Гоголь жана Сүйүмбаев көчөлөрү бир тараптуу болгон.
Эскерте кетсек, жалпысынан Бишкек шаарынын 8 көчөсүндө бир тараптуу кыймыл уюштурулуп, 2 көчө эки тараптуу болот.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх