Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Navi Taxiге айып салды

Кандай мыйзам бузуу аныкталган?

Монополияга каршы органга маалыматты өз убагында жана толук бербегендиги үчүн Navi Taxi`ге 13 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, такси кызматынын рыногуна талдоо жүргүзүү максатында, КРнын "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамынын 14, 15-беренелердин негизинде кызмат "Алабель АНБМ" ЖЧКсынан (Navi Taxi) 2020-2022-жылдарга карата керектүү маалыматтарды сураган.
"Алабель АНБМ" ЖЧКсы суралган маалыматты өз убагында жана толук көлөмдө берген эмес.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх