Кара-Балта шаарындагы мал базары жабылды
Эмне себептен?
Кара-Балтадагы "Эркин" мал базарынын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев 11-январда президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер менен болгон кеңешмесинде облустук жана райондук жетекчилерге бир нече тапшырмаларды койгон.
Алардын ичинде өлкө аймагында эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо маселеси дагы бар.
Министрдин тапшырмасынын жана Ветеринардык кызмат тарабынан берилген көрсөтмөлөрдүн негизинде, Жайыл районунун акиминин буйругуна ылайык, Жайыл районунун Кара-балта шаарындагы “Эркин” мал базары КР өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы №377 токтомунда көрсөтүлгөн ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн мал базардын ишмердүүлүгү токтотулду.
Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген жаңы мал базар куруу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан жер бөлүнүп берилди жана инвесторлор менен макулдашуу жүргүзүлдү. Жакынкы күндөрү жаңы мал базардын курулуш иштери башталат.
Фото www