Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Светанын үмүтүн жандырган “Теңдик”

Учурда башкаларга өрнөк, бирок, качандыр бир жашоодон үмүтүн үзүп, өз өмүрүнө кол салган Светанын баяны

10 жыл мурда жаркын жашоодон үмүтүн үзүп, өз өмүрүнө кол салган Света учурда бактылуу айым, кол күрөш боюнча чемпион, 1000 метр чакырымда да биринчи болуп келген. Азыр өзүнө окшош майыптыгы бар жарандарга кол сунуп, жардам кылып келет.
Кыргызстанда майыптыгы бар жарандардын көпчүлүгү бейөкмөт уюмдардын көмөгү менен билим алып, өз алдынча жашоого үйрөнүп, жумушка орношушат. Коомдук уюмдар майыптарга гана жардам бербестен бүт Кыргызстан боюнча үй-бүлөлөргө жардам берип, балдардын, жана зомбулуктан жапа чеккен адамдарга биринчилерден болуп кол сунушат.

Каарманыбыз 10 жыл мурун жол кырсыгына кабылып, эки бутунан майып болуп калган. Бирок ага карабай алдыга карай умтулуп, бардык тоскоолдуктарды жеңген. Света “Теңдик” коомдук бирикмеси аркылуу өзүн ар тараптуу өнүктүрүп келет.
“Эл кызматында. Кыргызстандыктар бири-бирине кантип жардам берип жаткандыгы жөнүндө таржымалдар”. Төртүнчү эпизод. “Үмүтсүздөргө үмүт берген Света”.
Бул видео материал "Медиа Өнүктүрүү Борбору" коомдук фонду жана Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасы менен биргеликте "Strong Civil Society Makes a Strong State Campaign" долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен даярдалды.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх