Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын курама командасы Катарда өтүп жаткан Азия кубогун жеңилүү менен баштады

Кураманын биринчи беттеши Таиланддын эсебине 2:0 менен аяктады

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Катарда өтүп жаткан Азия кубогунун беттешин жеңилүү менен баштады.
F тайпасынын 1-турунун алкагындагы беттеште кыргызстандыктар Таиланд курамасы менен беттешип, 0:2 эсебинде утулуп калды.
Атаандаштар биринчи голду биринчи таймда, экинчисин экинчи таймдын башында киргизишти. Беттештин Таиланддын пайдасына 2:0 эсеби менен аяктаган.

Белгилей кетсек, кыргыз курамасы жеңилгени менен плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготпой келет. Алдыда тайпалык баскычтын дагы эки оюну бар - Сауд Аравия жана Оман командалары. 1/8 финалга ар бир тайпадан эки мыкты команда, ошондой эле 6 үчүнчү орунду алган төрт мыкты команда чыгат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх