Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Калкты тейлөө борборлору эми эртең мененки 8ден баштап иштейт

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандардын муктаждыктарына багытталган сапаттуу тейлөөнү камсыз кылууга умтулат

Бүгүн, 18-январдан тартып бүткүл Кыргызстан боюнча бардык ири Калкты тейлөө борборлору саат 8:00дөн 18:00гө чейин түшкү тыныгуусуз бирдиктүү иш графигине өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.

- Бул маанилүү кадам иш графиги саат 9:00дө башталган жарандардын эртең мененки сааттардагы муктаждыктарын канааттандырууга багытталган. Буга чейин эки ири Калкты тейлөө борборлорунда саат 08:00дөн 20:00гө чейинки аралыкта жаңы иш графиги киргизилген. Бирок, пилоттук мезгилдин натыйжасында, Калкты тейлөө борборлорунда кечки тейлөө убактысы анча талап кылынбагандыгы аныкталган - деп айтылат маалыматта.

Жаңы график мамлекеттик кызматтардын үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу менен кезек күтүү убактысын азайтууга багытталган.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандардын муктаждыктарына багытталган сапаттуу тейлөөнү камсыз кылууга умтулат.

Жарандар 08:00дөн 18:00гө чейин түшкү тыныгуусуз жаңы иш графигинде иштеп жатышкан Калкты тейлөө борборлоруна келип, кызмат алышса болот.
КТБнын иши жөнүндө кеңири маалыматты 119 колл-борборунан алууга болот (чалуу акысыз).

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх