Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Көчмөндөр ааламы”. Астанада өтчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөн оюндардын тизери тартууланды

5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстандын борборунда сентябрь айында өтөт

2024-жылдын 8-сентябрынан 14-сентябрына чейин Астанада өтө турган 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тизери тартууланды. Казакстандын Туризм жана спорт министрлигинин маалыматы боюнча, мелдешке 100дөн ашуун өлкөдөн 4 миңге жакын катышуучу катышат.

Спорттук мелдештерге жана маданий иш-чараларга 100 миңден ашык турист келери күтүлүүдө.
Астанада өтө турган 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасынын алкагында спорттун 20 таймаш жана 10 көрсөтмөлүү түрү боюнча мелдештер пландаштырылган. Алардын арасында ат чабыш, улуттук күрөш түрлөрү, салттуу интеллектуалдык оюндар, согуш өнөрү боюнча мелдештер, жаа атуу, мергенчиликтин улуттук түрлөрү, ат жарыштары, элдик оюндар, ошондой эле этникалык спорттун түрлөрү боюнча көрсөтмө программалар бар.

“Көчмөндөр ааламы” этно-аул Астанада ачылып, анда ар бир келген конок казак элинин маданияты жана каада-салты, ошондой эле катышуучу өлкөлөрдүн оригиналдуу маданияты менен тааныша алат. Этно-аулга күн сайын 30 миңге чейин борбор калаанын тургундары жана коноктору келе алышат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх