Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон жигитти 358 адам издеп жатат

18 дрон да тартылган

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы Мухамедаалы Маматаалы уулун издөө иштерин 358 адам жүргүзүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, издөө иштерине ӨКМден 187 куткаруучу, «Инсараг» тобунан 5 куткаруучу, 27 ыктыярчы, ИИМден 139 кызматкер, ошондой эле 5 кинолог тартылды.

Алар Коргоо министрлигинин 11 учкучсуз учагы, Инсараг тобунун 4 учкучсуз учагы жана ыктыярчылардын 3 учкучсуз учагы, жалпысынан 18 учкучсуз учак менен иштөөдө.

Эскерте кетсек, жаш жигит 14-январда "12 Камин" эс алуу аймагынан жоголуп кеткен. Эки күн бою үй-бүлөсү жана достору аны өз алдынча издеп, бийликке жардам сурап кайрылышкан. 17-январда издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кошулуп, УКМКнын “Альфа” тобунун согушкерлери да тартылган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх