Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте тик учактын кыйрашынан каза болгон аскердин сөөгү жерге берилди

17-январда катталган каргаша 30 жаштагы жаш учкучтун өмүрүн алып кетти

Бишкектеги Достук кичирайонуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында тик учак кырсыгынан каза болгон экипаждын командири, капитан Жайыл Самудиновдун сөөгү жерге берилди.


30 жаштагы учкуч менен коштошуу зыйнаты бүгүн Ак-Өргө конушунда өттү. Маркум менен коштошууга Коргоо министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Жайыл Самудинов 1994-жылы Бишкекте туулуп, Россиянын Сызрань шаарындагы жогорку аскердик авиациялык академияны бүтүргөн. Соңку кезде Коргоо министрлигинин Башкы штабында кызмат өтөп жүргөн.
Эске салсак, кырсык 17-январда катталган. Бортто жалпы 11 киши болгон, калган 10 адам учурда Бишкектеги ооруканаларда дарыланууда.

Кырсык боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ага байланыштуу Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн айрым кызмат адамдары убактылуу иштен бошотулду. Мындай чара тергөө иштерин объективдүү жүргүзүү максатында кабыл алынган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх