Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте эки автобустун каттамы өзгөрдү

Кайсы каттамдар өзгөрүүгө учурады?

Бишкекте №34 жана №146 автобус каттамдарынын схемасы өзгөртүлдү. Мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынганын Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, №34 автобус Шоро компаниясынан жаңы автобекетке чейин узартылды. Ал эми №146 автобус Мыкан айылына жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, бул иш-чара шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында жана Мыкан айылынын тургундарынын бир нече жолу кайрылуусунан улам кабыл алынган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх