Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөө улантылууда

Бүгүн издөө иштерине 273 адам чыкты

Бүгүн, 22-январда Аламүдүн коктусунда дайынсыз жоголгон жаранды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, издөө иштерине жалпы 273 адам чыкса, анын 163ү ӨКМдин куткаруучулары. Алар 5 дрон, 10 техникасы менен капчыгайда издөө ишин башташты. Ал эми ИИМдин 110 кызматкери 1 дрон, 4 техникасы менен чыгышты. Жалпы 14 техника тартылды.
Эске салсак, 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы 14- январь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыкканАламүдүн капчыгайында "Жаннат Резорт" мейманканасындагы камерасына тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

Аталган жаранды издөө иши өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх