Келаткан ишемби күнү Кыргызстанда иш күнү болот
Себебин түшүндүрөбүз
Кыргызстандыктарды узак жумуш жумасы күтүп турат. Беш күндүк иш тартиби менен иштеген кыргызстандыктар үчүн ишемби, 27-январь иш күнү болот.
Эске салсак, жыл башында кыргызстандыктар 8-январга чейин узакка созулган жаңы жылдык эс алуу алышкан.
Ошону менен бирге министрлер кабинетинин дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндөгү токтомуна ылайык, айрым күндөрдө иштөөгө туура келет. Тактап айтканда, 27-январь дем алыш күнү 3-январь жумуш күнү үчүн иштөөгө туура келет.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз