Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бизде оюн тажрыйбасын топтоого муктаж көп оюнчулар бар. Штефан таркович Сауд Аравиясы менен оюндан кийинки ойлору менен бөлүштү

“Бул беттеш менен баары аяктап калган жок. Оманды жеңсек, кийинки этапка чыгууга дагы мүмкүнчүлүгүбүз болот”

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын башкы машыктыруусу Штефан Таркович кураманын кечээки Азия кубогунда Сауд Аравиясынын командасы менен болгон беттеште жеңилип калганы боюнча комментарийин берди. Таркович тогуз оюнчу менен Сауд Арабиясына каршы ойноо кыйын экенин баса белгилеген. Машыктыруусунун айтымында, өзгөчө экинчи оюнчу оюн талаасын таштагандан кийин, кыргыз курамасы толугу менен коргоого өтүп, атаандаштын чабуулун күтүп, алар менен эле алек болуп калган.

- Мындай атаандаш менен биз төмөн блок менен ойноп, чабуулдарды эле күтүп ойной алмак эмеспиз. Албетте, биз оюнчуларды күрөшкө шыктандырдык, алар атаандашка каршы прессинг уюштурушу керек болчу. Бирок, тилекке каршы, оюнчулардын беттеш убагында жекеме-жеке оюндарынын ар кандай кырдаалдарда кандай аракет жасаарын биз башкара албайбыз, - деди Таркович.
Ал ошондой эле, оюндун экинчи бөлүгүнүн башында үмүт бар болгонун, оюнчулар чабуулдарды уюштурууга даярданып жатканын кошумчалаган. Бирок, экинчи кызыл айып кагазынан кийин, бул дээрлик мүмкүн болбой калган.

-Ушундай татаал шарттарда өткөн оюнда 2-0 натыйжасы биздин команда үчүн канааттандырарлык, - деген машыктыруучу.
Ага карабай, Штефан Тарковичтин пикиринде эки оюнчу оюн тааласын таштаганы абдан жаман болгону менен, экинчи жагынан алып караганда, кыргыз курамасы командалык оюнду көрсөтүп, оюнчулар болушунчу аракет кылып, аягына чейин күрөшүшкөн.

Мындан сырткары, машыктыруучу оюндагы калыстык жөнүндө эч нерсе айта албайт экенин, калстардын ишин баалоого укугугу жок экенин кошумчалаган.

Таркович ошондой эле, курамада оюн тажрыйбасын топтоого муктаж болгон көп оюнчулар бар экенин, командада муун алмашуу процесси жүрүп, курам жаңырып жатканын белгилеген.

- Албетте, жаракат алгандарды эске албай турган болсок, менин оюмча, азыр курамада өлкөнүн мыкты оюнчулары чогулган. Жаңы оюнчуларды өнүктүрүү үчүн биз болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Бул процесс көп убакытты талап кылаарын түшүнүү зарыл. Мен Кадыржанов, Сталбеков жана Шамурзаевди, аларды жоопкерчиликти сезип, оюн тажрыйбасына ээ болуп, маанилүү турнирлерде оюндун атмосферасын сезиш үчүн оюн талаасына чыгардым. Оманды жеңсек, кийинки этапка чыгууга дагы мүмкүнчүлүгүбүз болот. Бул беттеш менен баары аяктап калган жок. Күрөш уланууда, - деп сөзүн жыйынтыктаган Таркович.

Эске салсак, кечээ, 21-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Сауд Аравия курамасына каршы Азия Кубогундагы экинчи оюнун өткөрүп, 2:0 эсебинде жеңилип калышкан.
Жыйынтыкта, Сауд Арабиясы 1/8 финалга мөөнөтүнөн мурда өтсө, ал эми кыргыз командасынын кийинки баскычка чыгуу мүмкүнчүлүгү азырынча минималдуу – курама 25-январда Оман менен беттешет.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх