Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук банк телефон аркылуу алдамчылык фактылары жөнүндө эскертет

Мекеме алдамчыларга жеке маалыматты бербөөнү өтүнөт

Кыргызстандын Улуттук банкы телефон аркылуу алдамчылык фактылары жөнүндө эскертет.
Финансылык көзөмөл органынын маалыматына ылайык, Улуттук банктын дарегине алдамчылык фактыларына дуушар болгон жарандар кайрылууда. Алдамчылар жарандарга телефон чалып, өзүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, ар кандай себептер менен алардан өзү жөнүндө жеке маалыматтарды, картасынын реквизиттери, CVV/CVC коддору ж.б. жөнүндө маалымат берүүнү өтүнүшкөн.

Буга байланыштуу Улуттук банк тарабынан жарандардан эч кандай жеке маалыматтар жана купуя маалыматтар талап кылынбай тургандыгы жөнүндө эскертет.

Ошондой эле Улуттук банкта жарандарга эсеп ачылбай тургандыгын, жеке адамдарды тейлөө жана калк менен акчалай эсептешүүлөр ишке ашырылбай тургандыгын билдирет.
КР УБ жарандарды сак болууга чакырып, алдамчыларга жеке маалыматты бербөөнү өтүнөт.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх