Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жетекчиси: Кыргызстандын аймагында катастрофалык жер титирөө болбойт

Бирок, 5-6 же 7 баллдык жер титирөөлөр болушу мүмкүн

Кыргызстандын аймагында катастрофалык жер титирөөлөр болбойт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын президенти, Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, сейсмикалык аймактарда жер титирөө мүмкүнчүлүгү ар дайым бар.

«Сейсмология кандай өнүкпөсүн, жер титирөө качан болот деген суроого эч ким жооп бере албайт, ошол эле АКШнын да, Япониянын да алдыңкы окумуштуулары да билишпейт. Негизи бизде Нурада катуу жер титирөө болгон 2008-жылдан баштап, 2026-жылга чейин сейсмикалык активдешүү болот. Ошондуктан дагы үч жылдай 5-6 же 7 баллдык жер титирөөлөрдү күтсөк болот. Бирок, биздин маалыматтарга караганда, катастрофалык кырсыктар Кыргызстандын аймагында болбойт», — деди Канатбек Абдрахматов.

Эске салсак, КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 23-январга караган түнү кыргыз-кытай чек арасында күчү 5,5 баллдан 8 баллга чейин жеткен 6 жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл облусунда жана Нарында 4 баллдан 6 баллга чейин, Бишкек шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Кытайда жер титирөөнүн кесепетинен 50дөй үй кыйрап, жабыркагандар бар. Алматыда 44 адам жабыркады, анын 10у балдар.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх