Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаеванын иши боюнча соттук отурум өтүүдө

Отурум жабык өтүп жатат

Сокулук райондук сотунда мурунку күйөөсү кулак-мурдун кесип салган Асел Ногойбаеванын иши боюнча соттук отурум башталды. Сот жабык өтүп жатат.
Айыпталуучуну сот залына алып кирерде келиндин туугандары "түрмөдө чирип өл, акмак!" деп тилдеп, алардын бири колундагы баштык менен чаап жиберген. Конвоирлер аны калкалап залга алып кирип кетишкен.
Алар айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну жана ага мунапыс берилбешин талап кылышууда.

Эске салсак, 20-сентябрда Бишкекке жакын Селекция айылында жашаган 36 жаштагы аялды мурдагы күйөсү өз үйүндө бычактар, кулак-мурдун кесип салган. 39 жаштагы шектүү кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх