Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Аламүдүн коктусунда жоголгон 28 жаштагы жигитти издөөнү токтотту

10 күн бою жүздөгөн адамдардын издөөсү, тилекке каршы жыйынтык берген жок

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Аламүдүн коктусунда жоголгон 28 жаштагы Мукамбеталы Маматалы уулун издөөнү токтотту.
Кечээ аны издөөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, милиция кызматкерлери жана ыктыярчылар болуп жалпы жонунан 282 адам чыккан. Кечинде туугандары издөөгө катышкандардын баарына ыраазычылык билдиришти. Алар Мукамбеталы Маматалы уулу өтүп бара жаткан унаага түшүп кеткенин жана анда баары жайында деп үмүттөнүшөт. Жигит эс тутумун жоготуудан жабыркап келери белгиленген.

Эске салсак, Мукамбеталы Маматалы уулу 14-январда "12 Камин" эс алуу аймагынан жоголуп кеткен. Эки күн бою үй-бүлөсү жана достору аны өз алдынча издеп, кийин бийликке жардам сурап кайрылышкан. 17-январда издөө иштерине ӨКМдин кызматкерлери кошулуп, УКМКнын «Альфа» тобунун жоочулары да алынып келинген.
Ал менен акыркы жолу 14-январда саат 02.00дө байланышканы аныкталган. Ошондой эле ал тоо тарапты көздөй бара жаткан «Жаннат

Резорт» мейманканасынын видеокамерасына түшүп калганы белгилүү.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх