Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы: “Ак-Кула” ипподрому бузулуп, ордуна жаңысы курулат деген маалымат жалган

Ипподромдун келечеги кандай болот?

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы “Ак-Кула” ипподромунун бузулуп, анын ордуна жаңы имарат курулуп жаткандыгы тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Буга чейин БГКнын туруктуу комиссиясынын жыйынында Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев Термечикова көчөсүндө жайгашкан Ак-Кула ипподрому бузулуп, ордуна жаңысы курула турганын билдирген.

Мэрия ипподромду бузуу эмес, шаардын сыртына көчүрүү ниети бар экенин айтууда.
«Маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда ипподромду шаардын сыртына жылдыруу маселеси каралып жатат», - деп билдирди мэрия.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх