Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Тазалык» ишканасы таштанды үчүн 600 контейнер сатып алды

Таштанды челектер чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн да орнотулууда

«Тазалык» муниципалдык ишканасы таштанды үчүн 600 контейнер сатып алды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 400 пластик жана 200 темир контейнер борбор калаанын сырткы көрүнүшүн жана таштанды чыгаруунун сапатын жакшыртуу үчүн сатып алынды.

Шаардыктардын катуу тиричилик калдыктары үчүн гана эмес, чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн да орнотулууда. Туура эмес жерлерде таштанды чыгаруу учурлары чарбакер субъекттер тарабынан болуп жатат, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан контейнерлердин санын көбөйтүү милдети коюлган. 2023-жылы 530 контейнер сатылып алынган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх