Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык суучулдар Дохада өтчү дүйнө чемпионатына катышат

Дүйнө биринчилиги Катардын Доха шаарында 2-февралда башталат

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Денис Петрашов жана Елизавета Печерских дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дүйнө биринчилиги Катардын Доха шаарында 2-18-февраль күндөрү өтөт. Мелдештин жүрүшүндө жалпы 76 комплект медаль ойнотулат.
Курама команда башкы машыктыруучу Евгений Петрашовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх