Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Амантай менен Айтуяк жакында көрүүчүнү кубантат

"Тасма кызыктуу болсо, элдин баары көрөт"

Кыргызстанда кыргыз тилинде толук метраждуу анимациялык мультфильм тартылып жатат. Медиа-эксперт Турат Аким Vesti.kg сайтына тасма өз аудиториясын таба алабы же жокпу түшүндүрдү.

«Мультфильмдин мазмунуна, маани-мааңызына маани бериш керек. Ошондой эле, аны кантип сунушташат? Кызыктуу тасма жаралса, баары көрөт. Көрүүчүгө анын кайсы тилде экени айырмасы жок. Ошол эле англис тилиндеги мультфильмдерди ырахат менен көрүп жатпайлыбы. Мисалы, "Том жана Джерри", анда иш жүзүндө эч кандай сөз жок, каармандардын иш-аракеттери гана бар", - деди.
Эске салсак, “Карек” балдар кинофондунун директору Толкун Дайырбекованын айтымында, анимация боюнча “Кыргызфильм” киностудиясы менен балдар кинофонду иштеп жатат.

«Процесс бизге абдан кызык болуп жатат. Каармандарыбыз Амантай менен Айтуяк абдан сүйкүмдүү болуп чыкты», - деп бөлүштү Дайырбекова.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх