Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Билим берүү министрлиги “Сапат” лицейиндеги окуяга байланыштуу комиссия түздү

Окуя Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндө

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинде орун алган окуяга байланыштуу балдардын укуктарын коргоо боюнча комиссия түзүлүп, жеринде анализге алуу үчүн даярдыктар жүрүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда бул окуя Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан териштирүүгө алынып, Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндө.

-"Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилиги Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы лицейде балага кол көтөргөн педагогдун туура эмес аракеттеринен жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен кечирим сурап, тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана мугалим иштен бошотулду. Ал эми директордун жеке жоопкерчилиги Башкы дирекциянын педагогикалык кеңешинин чукул жыйынында каралат, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, социалдык тармактарда "Сапат" кыргыз-түрк лицейинин окуучусун ур-токмокко алган учурундагы видео тараган.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, аталган факты Кызыл-Кыя шаардык милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх