Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азия кубогу- 2024. Таркович Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп калууга үмүттөнүүдө

Оман курама командасынын машыктыруучусу Кыргызстан менен болгон оюндан жарым саат өткөндөн кийин кызматтан алынды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Стефан Таркович Кыргызстан-Оман беттешинен кийин өз ордунда калууга үмүттөнөрүн билдирди.

«Менин Кыргызстандын футбол союзу менен келишимим 2024-жылдын июнь айына чейин түзүлгөн. Командада калып, аларды тандоо оюндарына даярдайм деп ишенем. Бул турнир биз күткөн жыйынтыкка ээ болгон жок. Бирок бул команда менен ийгиликке жетсе болоруна ишенем», - деди ал.

Белгилей кетсек, Оман курама командасынын машыктыруучусу Бранко Иванович Кыргызстан менен болгон оюндан жарым сааттан кийин кызматтан алынган.

Кечээ Кыргызстан менен Омандын беттеши тең чыгуу менен аяктаган. Бул эки команда үчүн да чечүүчү болду. Экөө тең Азия Кубогунан четтетилишти.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх