Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камактагы журналисттердин жакындары Ички иштер министрлигинин имаратына келишти - видео

Алар президентке кайрылышты

Кармалган журналисттердин жакындары бүгүн Ички иштер министрлигинин имаратына келишти. Алар абактагыларды камактан бошотуу өтүнүчү менен өлкө президентине кайрылышты.

Журналисттердин жакындары 10 күндөн бери туугандары кандай шартта кармалып, кандай абалда экенин билишпей жатканын айтышты.
Буга чейин 17-январда Биринчи Май райондук соту тарабынан СИЗО-1ге кармоо чечими кабыл алынганына карабастан кармалган журналисттер 16-январдан бери убактылуу кармоочу жайда кармалып турганы аныкталганын билдирген.



Эске салсак, 16-январда Темиров Live телеканалынын бир катар мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, күч органдары 11 журналистти ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып барып, сурактан кийин кармашкан. 
Ички иштер министрлиги массалык баш аламандыкка чакырган маалыматтар “Айт Айт Десе” жана Темиров Live басылмасынын беттериндеги басылмалардан табылганын билдирип, бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Биринчи май райондук соту камактагы 11 журналисттин бардыгына эки айга СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх