Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурдагы аялынын кулак-мурдун кесип салган Азамат Эстебесов 20 жылга эркинен ажыратылды

Мындай чечимди Сокулук райондук соту чыгарды

Бүгүн, 26-январда Сокулук райондук соту мурдагы жубайы Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кесип салган Азамат Эстебесовго өкүм чыгарды. Айыпталуучулардын жакындары жана активисттери аны өмүр бою эркинен ажыратууну суранышкан. Жыйынтыкта сот Азамат Эстебесовду 20 жылга эркинен ажыратып, ошондой эле жабырлануучуга 2 миллион сом, мамлекетке 80 миң сом айып төлөөгө милдеттендирди.

Эске салсак, 2023-жылдын 20-сентябрында таңында Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы аял өз батиринен мурду-кулагы кесилген, бетинде жана колунда көптөгөн бычактан алган жаракаттары менен табылган. Кол салган адам мурдагы күйөөсү экени аныкталган. 

 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх