Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талас облусунда карышкыр адамды жеп салды маалымат жалган

Облустук ички иштер башкармалыгы бул окуя Кыргызстанда болгонун четке какты

Социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында Талас шаарындагы аэропортко жакын жерде карышкырлар адамды жеп кетти деген маалыматтар тарап жатат. Ошондой эле бир карышкыр атылганы дагы жазылууда.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул окуя Кыргызстанда болгон деген маалыматты четке какты. Ведомстводон билдиришкендей, бул Орусиянын Краснодар аймагында болгон.

2024-жылдын 14-январында орусиялык басылмалар жырткычтар кемирген адамдын денесинин сүрөттөрүн жарыялашкан. Ал эми жергиликтүү администрация өлүктү жапайы канаттуулар менен иттер (мүмкүн чөөлөр) кемирип алганын, карышкырлардын адамга кол салганы тастыкталбаганын жазышты.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх