Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең Бишкекте коомдук транспорттун баасы көтөрүлөт

Жеңилдетилген категориядагы жарандар үчүн жол кире бекер бойдон калат

Эртең, 30-январдан тарта Бишкекте коомдук транспорттун жаңы тарифтери күчүнө кирет.
Ошентип, автобустарда жана троллейбустарда жол кире баасы накталай эмес төлөм менен 17 сомду, накталай акча менен 20 сомду түзөт. Маршруттук таксилерде жол кире 20 сом болот.

Автобустарда жана троллейбустарда бекер жүрүү пенсионерлер, 7 жашка чейинки балдар, почтальондор жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн сакталат.

Эскерте кетсек, жаңы тарифтер 15-январдан тарта күчүнө кириши керек болчу, бирок жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу токтомду бекитүү процедуралары аягына чыкпай калгандыктан, мөөнөттөр жылдырылган.

Сүрөт: www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх