Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балыкчыда милиционер сүзүп ке кеткен жаш кыздын атасы дооматтан баш тартты

Ал мындай кадамга эмне себептен барганын түшүндүрдү

Балыкчыда унаа сүзүп кеткен жаш кыздын атасы ага-ини милиция кызматкерлерине дооматым жок деп тосмо арыз жазып берди. Бул тууралуу активист Эртай Искаков соцтармактагы баракчасына жазды.

Эске салсак, жол кырсыгы 26-январда болгон. Анда Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгына таандык экени такталган автоунаа 11 жаштагы кызды сүзүп качып кеткен.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси жана 312-беренеси боюнча иш козголгон.

Кырсыктан кийин Балыкчы шаарындагы аймактык тескөөчү рулда ал болгонун айтып, күнөөнү мойнуна аларын билдирген. Бирок кыздын туугандары автоунааны ал эмес, агасы — Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев башкарып баратканын айтып чыгышкан.

Жыйынтыкта, аталган факты боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев кармалып ИИМдин Ички иликтөө кызматына жеткирилген. Тергөө амалдарын жүргүзүү максатында, ал УКМКнын тергөө кызматына өткөрүп берилген.Ошондой эле бул иш боюнча дагы бир шектүү — Бектур Осмонбаевдин иниси Бекзат Казаков да Караколдогу убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Экөө тең иштен бошотулган.

Жабыркаган окуучу кыздын атасынын айтымында, ага камактагы милиция ага-ининин улгайган ата-энелери бир нече жолу келишкен. Буга байланыштуу ал аларга карата дооматтардан баш тарткан.

- Алар бизге кайра-кайра кечирим сурап келишип, бир убакта эки уулу кармалганын ыйлап айтып беришти. Карылар кайра-кайра келип кечирим сураса, мен эмне кылам?! Улгайган адамдарга убал да. Алар кызымдын бардык дарылануусун төлөйбүз, 18 жашка чыкканга чейин карайбыз, кызыбыздай мамиле жасайбыз деп убада берити, - деген Байгазиев журналисттерге.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх