Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзгөн районунда үч мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасы ачылды

Дарыканаларда турмуштук маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген 1500дөй дары-дармек бар

Бүгүн Өзгөн районунда үч мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылышка министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Дарыканалар Өзгөн, Мырза-Аке жана Куршаб Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда ачылды.

Министр өз сөзүндө калкты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу максатында быйылкы жылы республика боюнча мамлекеттик дарыканалардын жалпы санын 100гө жеткирүү пландалып жатканын баса белгиледи.

Дарыканаларда турмуштук маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген 1500дөй дары-дармек бар. Калк аларды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат. Мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты - калктын жеткиликтүү дары-дармекке байланыштуу көйгөйлөрүн чечүү.

2023-жылдын ноябрь айында Өзгөн Жалпы дарыгерлик практика борборунда райондогу алгачкы мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасы ачылган. Өзгөн районун кошкондо жалпы республика боюнча мамлекеттик дарыканалардыын саны 58ге жетти.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх