Бишкекте УКМКнын “Алтын балалык” балдар бакчасы ачылды
Мекеменин имараты эки кабаттан туруп, 220 орунга ылайыкталган
Бүгүн Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу №7 “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди.
Атайын кызматтан кабарлашкандай, мекеменин имараты эки кабаттан туруп, 220 орунга ылайыкталган.
Ичинде бардык тийиштүү шарттар каралып, керектүү эмеректер менен жабдылган.
“Алтын балалыкта” 2,5 жаштан жогорку мектепке чейинки жаш курактагы балдар тарбияланат.
Белгилей кетсек, №7 “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу президенттин резервдик фондунан каржыланган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз