Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат

3-4-февраль күндөрү Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
Кыздар арасында: 40, 44, 52, 48, 57, 63, 70, +70 кг;
Балдар арасында: 50, 55, 60, 66, 73,81, 90, +90 кг.

Мелдештин програмасы:
- башталышы: 3-февраль, саат 10:00;
- балтанаттуу ачылыш аземи: 3-февраль, саат 15:00.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх