Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиев жер титирөөнү алдын-ала эскертүү системасын иштеп чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды

Ал жакында болгон катуу жер титирөөдө Android колдонуучулары билдирүүлөрду алышканын эске салды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жер титирөөнү алдын-ала эскертүү системасын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине техникаларды тапшыруу аземинде билдирди.

Ташиев бул аземде бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде, жасалма интеллекттин жардамы менен Android операциялык тутумунун билдирүүсүн мисалга алуу менен республиканын жарандарын табигый кырсыктар, ошондой эле жер титирөөнү алдын-ала эскертүү системасын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу.

Эске сала кетсек, 23-январда кыргыз-кытай чек арасында катуу жер титирөө болгон, жер силкинүүлөр башталаардан бир канча убакыт мурун Кыргызстандагы Android колдонуучулары табигый кырсык тууралуу билдирүү алышкан.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх