Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 28 даана атайын техника тапшырылды

Куткаруу шаймандары алууга республикалык бюджеттен 35 миллион сом бөлүнгөн

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 28 даана атайын техника өткөрүлүп берилди. Заманбап атайын техникаларды тапшыруу аземи бүгүн Бишкекте өттү.

Тактай кетсек, 10 даана Белоруссиядан алынып келинген БЕЛАЗ-7540Б үлгүсүндөгү чоң самосвал, 4 заманбап медициналык жана 4 өрт өчүрүүчү машина жана башка заманбап куткаруу техникасы берилди.

Техникаларды тапшыруу аземинде УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев белгилегендей, куткаруучу техникаларды сатып алууга республикалык бюджеттен 35 миллион сом бөлүнгөн. Ошондой эле, ал акыркы үч жылда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына 700дөн ашык заманбап унаалар берилип, авариялык-куткаруу кызматынын жабдыктары толугу менен жаңыланганын кошумчалай кетти.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх