Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каракол лыжа базасынын жанындагы 10 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аталган жер тилкени Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү мыйзамсыз ээлеп алышкан

Белгилүү болгондой, УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобу тарабынан мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди легализациялоо фактысы аныкталып, Каракол лыжа базасынын жанынан баасы болжол менен 10 миллион сомго барабар болгон 2 гектар жер тилкеси "Каракол" мамлекеттик жаратылыш паркынын балансына кайтарылып берилди.


УКМКнын маалыматы боюнча, аталган жер Каракол лыжа базасынын жанында престиждүү аймакта жайгашкан. 

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү аталган жерге лыжа туристтик базасын курууну пландаштырып жатканы айтылат.

«УКМК К.Асанбектин жана анын кылмыштуу тобунун мүлкүн издөө жана мамлекетке кайтаруу боюнча активдүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантууда», - деп кошумчалады атайын кызмат.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх