Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Транспорттун акчасын көтөрө алган эл, суунун деле акчасын көтөрө алат. Шаар бийлиги суунун баасын кескин көтөрүүнү каалап жатат

Тарифтер бир адамга суткасына 350 литр суу керектөөсүнө жараша эсептелмекчи

Бишкек мэриясы калк үчүн суунун баасын кескин көтөрүү маселесин карап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Учурда муздак сууга жана саркынды сууга болгон тариф суткасына 35 литрден 170 литрге чейинки норма боюнча эсептелинет. Муниципалитет бардык керектөөчүлөр үчүн бирдиктүү стандарт кылууну көздөөдө - күнүнө 350 литр. Бул, албетте, калк үчүн тарифтердин жогорулашына алып келет.

«Мунун негизинде, биз үйлөргө суу эсептегичтерин орнотууну жандандыргыбыз келет. Анткени керектөөчүлөр аларды орнотуудан баш тартышууда. Ал эми сууну керектөөнүн төмөн стандарттары жана тарифтери жеке сектордо ичүүчү сууну өтө көп өлчөмдөгү ысырапкорчулукка алып келип жатат. Шаар тургундары сууну жаратылыштын бекер белеги катары туура эмес пайдалангандыктан ушундай кылышууда», - деп белгилешти аткаминерлер.

Түшүндүрө кетсек, буга чейин мэрия коомдук транспортто жол кире акысын кымбаттатып, баасын накталай эмес 17 сом, накталай болсо 20 сом деп чечим чыгарган. Буга шаар бийлигинин бардык жүргүнчүлөрдү Тулпар картасын колдонууга мажбурлоо ниети негизги түрткү болгон.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх