Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчы Көлбаевдин кудасы камактан бошотулду

Айрым маалыматтарга ылайык, ал мамлекетке 2 миллион доллар төлөп берген

Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиев камактан чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соту билдирди.


Буга чейин анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен УКМКнын тергөөчүсү кайрылган.


Айрым маалыматтарга караганда, Рустам Турдиев мамлекетке 2 миллион доллар өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтуруп, эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган.

Эскерте кетсек, Турдиев 2023-жылдын октябрында "Уюшкан топту тузуу же ага катышуу" беренеси боюнча шектелип камакка алынган.


Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх