Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө 13,7 миллион сомдук жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды

Буга чейин ал муниципалдык менчиктен мыйзамсыз чыгарылган

Мурда "Ак-Жол Болсун" ЖЧКсына таандык болгон 0,2275 га чарбалык жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.


УКМКнын маалыматы боюнча, болжолдуу баасы 13 миллион 760 миң 900 сомду түзгөн бул чарбалык жер тилкеси буга чейин муниципалдык менчиктен мыйзамсыз чыгарылган.


Ошентип, аянты 2275 чарчы метр жер тилкесин кайтарып берүү жөнүндө доо биринчи инстанция (Ысык-Көл облусунун административдик соту) жана экинчи инстанциядагы (Ысык-Көл облусунун сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча коллегиясы) соттор тарабынан толугу менен канааттандырылган.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх