Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 22 жаштагы бейтапка бюджеттик негизде бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

2024-жылы 50 акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясын жүргүзүү пландалууда

Бүгүн, 2024-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 22 жаштагы бейтапка биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. 


Биринчи этапта донордун бөйрөгүн алуу операциясы жасалып, андан кийин бөйрөк реципиентке трансплантацияланган.


Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, операция 3 хирург, 1 анестезиолог, эки анестезист медайым жана эки хирургиялык медайымдан турган эки медициналык бригада тарабынан жасалды. Донордук бөйрөктү алуу операциясы 2 саатка созулуп, бөйрөктү алмаштыруу операциясы да ошончолук убакытка созулган.


«Бейтаптардын операциядан кийинки абалы туруктуу. Алар 2-3 күн реанимация бөлүмүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө болушат. Андан кийин алар андан ары ден соолугун калыбына келтирүү үчүн трансплантология бөлүмүнө которулат.», - деп билдиришти башкармалыктан.

Park Park

Park Park
Ошондой эле, Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кыргызстанда трансплантология кызматын өнүктүрүү жөнүндө буйругун аткаруу үчүн, ошондой эле өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптардын жогорку технологиялык операциялык кийлигишүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында 2024-жылы 50 акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясын жүргүзүү иши пландалуусун эскертти.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх