Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү кармалды

Шектүү жана анын шериги алдоо жолу менен акча каражатын ээлеп алган

Бишкекте карыз өндүрүү менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.


Ички иштер министрлиги билдиргендей, жабырлануучу милицияга кайрылып, 4500 АКШ доллары өлчөмүндөгү карызын кайтарбай жүргөн таанышынан акчасын кайтарып берүүго жардам көрсөтүү өтүнүчү менен эки жигитке кайрылганын маалымдаган. Алар бул кызматы үчүн 500 АКШ долларын алып, изин жашырып кетишкен. Бирок, кийинчерээк карыз болгон жарандан 192 000 сом акчаны дагы өзүлөрүнө ыйгарып алышканы белгилүү болду.


Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.


Шектүү болгон жигиттердин бири кармалып, ал 1995-жылы туулган Д.А. экени анык болду. Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Шектүү делген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.


Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган, алар дагы карызды өндүрүү менен алектенген.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх