Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Журналисттердин кармалышы. Айке Бейшекеева камакта калтырылды

Сот камактагы журналисттердин адвокаттарынын арызын кароону баштады

Бишкек шаардык соту бүгүн камактагы 11 журналисттин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттарынын арызын карай баштады.

Сотко биринчилерден болуп "Темиров LIVE" редакциясынын журналисти Айке Бейшекеева алынып келинди.

Соттун чечими менен анын баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылып, 13-мартка чейин №1 СИЗОдо камакта калтырылды.

Айке Бейшекеева журналисттерге өзүн жакшы сезип жатканын, бирок СИЗОдогу абал коркунучтуу экенин айтууга үлгүрдү.

Эскерте кетсек, 16-январда Темиров Live медиасынын бир катар мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, 11 журналист күч органдары тарабынан ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилип, сурактан кийин , 48 саатка камакка алынган.


Ички иштер министрлиги "Айт Айт Десе" жана "Темиров LIVE" баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдар табылганын билдирген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.


Биринчи май райондук соту камактагы 11 журналисттин бардыгына эки айга СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх