Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте дагы эки "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды

Борбор калаада жалпысынан 11 мамлекеттик дарыкана иштөөдө

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн Бишкек шаарындагы «Эл Аман» мамлекеттик дарыканаларынын ачылыш аземине катышты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бир дарыкана Киев көчөсү 154 дарегинде жайгашкан №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун филиалында, экинчиси Кривоносова көчөсү, 206 дарегиндеги Темир жол ооруканасында ачылган.


Министр сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу үчүн быйыл республика боюнча кошумча мамлекеттик дарыканаларды ачуу жана уюштуруу зарыл экенин белгиледи.


Дарыканаларда турмуштук маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген 1500дөй дары-дармек бар. Калк аларды жеке дарыканаларга караганда 10-15%га арзан сатып ала алат.


Эми Бишкекте 11 мамлекеттик дарыкана, ал эми республика боюнча 61 «Эл Аман» дарыкана иштейт.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх