Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокендин тургуну мыйзамсыз базар уюштуруп, соодагерлерден акча жыйнаган

Мыйзамсыз базар 13 жылдан ашык иштеген

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында Эски-Масы-Сай каналынын боюнда мыйзамсыз кийим-кече базарын уюштуруп, соодагерлерден акча чогулткан, деп билдирди УКМК.


Башкармалыктын маалыматына караганда, О.А.М. аттуу Ноокен районунун тургуну ӨКМ кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, Суу коргоо зонасында жер тилкесин ижарага берүү келишими тууралуу айтып, өзүм билемдик менен соода контейнерлерин орнотуп, ижарачылардан айына 3 миңден 7 миң сомго чейин акча каражатын чогулткандыгы аныкталды. Мындан улам 2010-жылдан баштап О.А.М. мамлекетке тиешелүү болгон жер тилкелерин ижарага берүү үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз чогултулган.


Келтирилген зыяндын суммасы 7 миллион сомдон ашык экени аныкталып, О.А.М. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Аталган мыйзам бузууларга жол берген ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча Сел суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн кызмат адамдарынын аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх