Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуудан улам үч адам жабыркады

Экөөнүн абалы оор

Бишкек жылуулук электр борборундагы авариянын кесепетинен ЖЭБдин үч жумушчусу жабыркады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алар ар кандай даражадагы күйүк алышкан.

Жабырлануучулар ооруканага жаткырылды, экөөнүн абалы оор деп бааланууда.

Эске сала кетсек, бүгүн түндө Бишкек ЖЭБинде авария болгон.


Кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Энергетика министрлиги билдиргендей, шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, айрым аймактарда ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

Борбор калаанын бардык мектептери жана бала бакчалары шейшембиге чейин онлайн окутуу режимине өттү.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх