Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек ЖЭБиндеги авария. Бишкек шаарында ысык суу берүү убактылуу токтотулду

Энергетика министрлиги электр жарыгы үзгүлтүккө учурабайт деп убада кылууда

Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилгенин Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Алардын маалыматы боюнча, бүгүн, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек шаарындагы ЖЭБте авария болуп, анын кесепетинен жабдуулар иштен чыккан.


«Шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилди», — деп айтылат маалыматта.


Ошол эле учурда Энергетика министрлиги шаар тургундары электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздалып жатканын белгиледи.


«Авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда ыкчам штаб жылуулукту калыбына келтирүү боюнча иш алып барууда», - деп билдиришти башкармалыктан.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх