Түнкүсүн Чүй облусунда жер титирөө катталды
Жер титирөөнүн очогу Бишкектен 90 чакырым алыстыкта жайгашкан
Чүй облусунда түнкү саат 02:14тө очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Бишкек шаарынан 90 чакырым түштүк-батышты карай, Кожомкул айылынан 12 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү: Суусамыр, Тунук, Кожомкул айылдарында 2,5 баллга жеткен.
Фото WWW
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз