Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбордук шайлоо комиссиясы Эмил Жамгырчиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мындай чечим бүгүн жыйында кабыл алынды.

Буга чейин Жамгырчиев депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы белгилүү болгон.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш башкы прокурорго депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ал кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деп айыпталууда.

Буга чейин ага Өзбекстанда да кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

УКМК Эмил Жамгырчиевди кармап, соттун чечими менен 26-февралга чейин камакка алынды.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх