Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакыт Төрөбаев ЖЭБте жарылуу болгонун тастыктады

«Кудай буйруса жылуулукту калыбына келтирип, кечке чейин ысык сууну берүүнү улантабыз».

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев борбор калаанын ЖЭБиндеги авариядан кийин калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүнө токтолду.

Ал түн ичинде жылуулук борборунда жарылуу болгонун тастыктады. Бирок анын айтымында, жарылуунун кесепетинен от казандары жабыркаган эмес.

«Азыр резервдик от казандарды ишке киргизип, кудай буйруса жылуулукту калыбына келтирип, кечке чейин ысык сууну берүүнү улантабыз. Суу ысык болбойт, бирок болжол менен 50 градус болот», - деди Төрөбаев.

Эске сала кетсек, Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргени боюнча , авария түнкү саат үчтөр чамасында болгон, анын кесепетинен кеминде үч жумушчу жабыркаган. Алар ар кандай даражадагы күйүк алып ооруканага жаткырылып, экөөнүн абалы өтө оор деп билдиришкен.


Бишкек ЖЭБиндеги авариядан улам шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.


Борбор калаанын бардык мектептери жана бала бакчалары шейшембиге чейин онлайн окутууу режимине өттү.


Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх