Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россия Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүгө даяр

Бул тууралуу Михаил Мишустин Digital Almaty 2024 санарип форумунда билдирди

Россия Бишкек Жылуулук борборундагы жарылуунун кесепеттерин жоюуга жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Digital Almaty 2024 санарип форумунда сөз катты.


"Мен көйгөй жакын арада чечилет деп ишенем. Биз Кыргызстанга авариянын кесепеттерин жоюуга жардам берүүгө даярбыз. Менин оюмча Евразия экономикалык биримдигинин бардык мүчөлөрү жардам берүүгө даяр", - деди ал.


Эске сала кетсек, Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргени боюнча , авария түнкү саат үчтөр чамасында болгон, анын кесепетинен кеминде үч жумушчу жабыркаган. Алар ар кандай даражадагы күйүк алып ооруканага жаткырылып, экөөнүн абалы өтө оор деп билдиришкен.

Бишкек ЖЭБиндеги авариядан улам шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

Борбор калаанын бардык мектептери жана бала бакчалары шейшембиге чейин онлайн окутууу режимине өттү.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх