Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖЭБдеги авария. "Келечек" реабилитациялоо борборундагы балдар убактылуу Сокулуктагы реабилитациялык борборго жайгаштырылат

Калган интернаттар штаттык режимде иштөөдө

Министр Гүлнара Баатырова Келечек" реабилитациялоо борборундагы балдарды убактылуу Сокулуктагы реабилитациялык борборго жайгаштырууну тапшырды.


Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкекте ЖЭБке бир гана социалдык объект — «Келечек» реабилитациялоо борбору кошулган. Азыркы учурда бул борбордо майыптыгы бар 33 бала стационардык дарыланууда, анын ичинен 17 бала бүгүн реабилитациясы аяктап чыгарылышы күтүлүп жаткан.


Министр калган майыптыгы бар 16 баланы Сокулук реабилитациялоо борборуна убактылуу жайгаштыруу үчүн орундарды даярдоону тапшырды.


Калган интернаттар штаттык режимде иштеп, бардык социалдык мекемелерде жылуулук нормалары сакталган деп кошумчалашты ведомстводон.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх