Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда кутуга салынган ымыркайдын сөөгү табылды

Баланын энеси аныкталды

Аламүдүн районунда жаңы төрөлгөн баланын жансыз денеси кутудан табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, Бишкектеги үйлөрдүн биринде 20 жаштагы жарандын ымыркайы 7 айлык кезинде өлүү абалында төрөлгөн.

«Жаш эне эмне кыларын билбей, досторунун кеңеши менен баланын сөөгүн кутуга салып, Эне-Сай конушунун жанындагы ээн талаага таштап кеткен. Учурда соттук-медициналык экспертиза жана тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх